Америкада ТикТокко тыюу салынышы мүмкүн

14.03.2024, 11:20 Акчабар
Америкада ТикТокко тыюу салынышы мүмкүн

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Американын аймагында ТикТокко тыюу сала турган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, документти 352 конгрессмен колдоп, 65и каршы, бирөө калыс болгон.

Эми мыйзам долбоору добуш берүүгө Сенатка жөнөтүлөт. Эгер ал кабыл алса, АКШнын президенти Жо Байден тиешелүү мыйзамга кол коет.

Эске салсак, 2023-жылы августта Маданият министрлиги ТикТокту бөгөттөө өтүнүчү менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылган. Бул чечим коомдо да, эксперттер арасында да кызуу талкууну жараткан. Популярдуу социалдык тармакка тыюу салуу чакан жана орто бизнестин көйгөйлөрүн ого бетер курчутат, Кыргызстандагы сөз эркиндигине жана демократияга доо кетирет, жаштардын өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн азайтат деген пикирлер арбын.

2023-жылдын декабрь айында Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев ТикТокту бөгөттөө үчүн соттун чечими керектигин, эгер андай болуп калса, техникалык жактан бөгөт коюуга болорун белгилеген.

Тэги: ТикТок Америка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть