Опубликовано
07.04.2021, 10:152021-жылдын январь айында Казакстан дээрлик 5.1 млн тонна чийки мунай экспорттогон. Анын ичинен 1.2 млн тоннаны Италия 390 млн долларга сатып алган. Бул тууралуу energyprom.kz порталы жазып чыкты.
[news 33895]
Басылмадан белгилешкендей, экспорттун көлөмү жыл ичинде 39% төмөндөгөн. Өткөн жылдын январь айында Италия Казакстандан 1.6 млн тонна мунайды 738 млн долларга сатып алган.
Мунайды импортточу өлкөлөрдүн экинчи катарында Нидерландия өлкөсү турат. Өлкө дээрлик 1 млн тонна мунайды 319 млн долларга сатып алган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу экспорттун көлөмү 65% жогорулаган.
Андан соң, Испания (170 млн долларга 559 мин тонна мунай) жана Франция өлкөлөрү (129.4 млн долларга 435 миң тонна) турат.