akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    02.09.2021, 06:00

    Ош облусунун аймагында буудайдын баасы кымбаттап, дыйкандар быйыл анын килосун 30 сомго чейин сатышууда. Бул тууралуу “Акчабарга” Араван райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.

    Былтыр Араванда буудайдын килограммы 12-13 сомдон сатылган.

    “Быйыл дыйкандарга келген кардарлар дүңүнөн 25 сомдон алса, базарда буудайдын баасы 30 сомго чейин сатылууда. Баанын өскөндүгү дыйкандарга көп деле киреше алып келбейт, себеби түшүм аз болгон”, - деди Араван райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Пайзылда Мырзабарамов.

    Ошто негизинен буудай Араван жана Кара-Суу райондорунда айдалат. Араванда быйыл 1 миң 115 гектар жерге буудай эгилген. Ал эми облус боюнча 40 миң 492 гектар жерге айдалат.


    Читать похожее