Экинчи антикризистик план иштелип чыкты. Анда эмнелер каралган?

07.05.2020, 14:00 Акчабар
Экинчи антикризистик план иштелип чыкты. Анда эмнелер каралган?

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев учурдагы кырдаалга байланыштуу экономика багытында иштелип чыккан экинчи антикризистик план тууралуу айтып берди.

«Кечээ өкмөттүн жыйынында бул план бекитилди. Учурда аны ишке ашыруу жумуштары башталды. Ал иштелип чыгып жатканда бизнес коомчулугунан түшкөн сунуштар, донорлордун кеңешчилеринин пикирлери жана биздин көз карандысыз эксперттердин, Жогорку Кеңеште айтылган сунуштар эске алынды. Антикризистик пландын негизги багыттарынын бири – жеңилдетилген каржылоо. Биринчиден антикризистик фонд түзүү планы турат. Ал аркылуу ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилет. Бул боюнча өзүнчө программа иштелип чыгууда. Жакынкы арада бекитилет. Анда насыянын негизги шарттары, пайыздар, мөөнөттөрү, жеңилдиктери көрсөтүлөт. Бул антикризистик пландын алкагында Мамлекеттик кепилдик фондунун капиталын 1 млрд сомго көбөйтүү пландалууда. Кошумча салык контракттарын кайра эсептеп чыгуу каралган. Кийинки иштердин бири, капиталды жана мүлктөрдү легалдаштыруу. Биздин оюбузча, учурда көмүскөдө турган капиталдарды ачыкка чыгарып, ошону экономикага иштетсек бул оң натыйжа берет. Ишкерлер мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага алып, карантинге байланыштуу иши токтоп калган болсо, ошол мезгил үчүн ижара акысынан бошотуу каралган», - деди ал.

Ал антикризистик фонд жана жеңилдетилген каржылоо тууралуу кененирээк маалымат берди.

«Жалпысынан антикризистик фондго баштапкы этапта 14 млрд сомдон кем эмес каражат чогултабыз деген план бар. Жалпысынан 2020-2021-жыл ичинде фонд аркылуу жалпы каржылоонун көлөмүн 40 млрд сомго жеткирүү планы турат. Бул антикризистик фондду топтогонго ички жана тышкы булактар изделип, аныкталууда. Ички булак тууралуу айтсак, биринчиден мамлекеттик бюджетке өзгөртүү киргизип, мамлекеттик чыгашаларды кыскартуунун эсебинен бир топ каражат бошотулуп, аны ишкерлерди каржылоого жумшамакчыбыз. Ушул эле бюджеттин ичинде, мындан мурда Кумтөрдөн түшүп келген каражаттар бизнести колдоого жумшалат. Сырткы булактар тууралуу айта кетсек, бүгүнкү күнү KfW жана Европа инвестициялык банкы менен сүйлөшүүлөр бүтүп, макулдашуу болду. Бул эки өнөктөштөн биз жалпы 50 млн доллардан ашык каражат алабыз. Андан тышкары башка донорлор менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Алдын ала макулдашуулар бар. Кийинки булактар: Евразиялык турукташтыруу жана өнүгүү фонду жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун өзү жүргүзүп жаткан программасы бар. Андан тышкары убактылуу бош иштетилбей жаткан каражатты дагы бул антикризистик фондго тартып келүү боюнча жумуштар жүрүп жатат», - деди ал.

Анын айтымында, жеңилдетилген каржылоо негизинен өндүрүш, кайра иштетүү, экспорт, импортту алмаштыруу, азык-түлүк коопсуздугу багыттарына жумшалат.

«Биздин чакан жана орто бизнес багыттарын алмаштырып, бүгүнкү күнү керектүү медициналык буюмдарды, беткаптарды чыгара баштады. Буга дагы өзүнчө компонент киргизилет. Жеңилдетилген программанын алкагында күрөөсүз чакан насыя берүү компоненти киргизилет. Бул өз алдынча ишкерлик кылгандар үчүн жасалат. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында фискалдаштыруу жумуштары жүрүп жатат. Фискалдаштыруу программасына кирип жаткан ишкерлерге, тактап айтып кетсек, онлайн ККМ киргизип, электрондук эсеп фактураларды колдонобуз деген ишкерлерге чоң жеңилдиктер каралган компонент кошулат. Бул программага аймактардагы долбоорлорду каржылоо компоненти киргизилет. Негизинен каржылоо тармактары дагы деле иштелип жатат. Бизнес коомчулуктан, көз карандысыз кеңешчилерден сунуштар түшүүдө. Ал сунуштар эске алынып, бул программа жакынкы 7-10 күн ичинде иштелип бүтөт», -деди ал.

Ошондой эле ал жеңилдетилген каржылоо программасынын алкагында берилген насыянын шарттары тууралуу айтып өттү.

«Насыянын мөөнөтү 3, 5, 7 жыл болот. Негизги сумма боюнча жеңилдиктер 12-18 айга чейин жана үстөк пайыздары 4-8% болот. Бул насыялар сом менен берилет. Менимче бул пайыздар өтө төмөн. Кээ бир үстөк пайыз инфляциянын деңгээлинен да төмөн. Бул коммерциялык үстөк пайыздарга салыштырмалуу 2-2,5 эсе арзан. Жеңилдетилген каржылоонун баштапкы этабында 25-30 миң ишкер насыя алат деген божомол бар. Баарыбызга белгилүү болгондой күрөө маселеси өтө курч, айрыкча аймактарда. Мүлк төмөн баалангандыктан күрөө маселеси бар. Ошондуктан бул маселени чечиш үчүн Кепилдик фонддун капиталын эки эсе көбөйтүү каралган. Бул антикризистик план фискалдык жана финансылык иш-чаралардан тышкары административдик иш-чараларды камтыйт. Анын ичинде баскыч-баскыч менен ишкер субъекттерин ишке киргизүү графиги белгиленген. Айрымдары 1-майдан тарта иштеп баштады. Кийинки баскычы 11-майга белгиленип жатат. Административдик иш-чаралар тууралуу айтып кетсек, убактылуу иш менен камсыз кылуу механизмдери иштелип чыгат жана жумушу жок калган жарандарга атайын квалификацияны көтөрүү же жаңы квалификацияга ээ болуу үчүн акысыз курстар уюштурулат. Аягында айта кетсем, бул жыл аягына чейин пландалып жаткан иш-чаралар. Ошол эле учурда үчүнчү программа боюнча ишти баштадык. Анда кризистен өткөндөн кийин жакынкы 1-3 жылдын ичинде экономиканы кантип калыбына келтирип, өнүктүрөбүз деген маселелер каралат», - деди ал.

Тэги: антикризистик план өмөт вице-прмьер-министр Эркин Асрандиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть