Apple дүйнөнүн эң кымбат бренди деп табылды

30.07.2020, 17:30 Акчабар
Apple дүйнөнүн эң кымбат бренди деп табылды

Дүйнөнүн 100 эң кымбат бренддеринин тизмеси жарыяланды. Алдыңкы беш сапты Apple, Google, Microsoft, Amazon жана Facebook ээледи. Бул тууралуу Forbes басылмасынын сайтында айтылат.

Өз кезегинде, алдыңкы он орундагы эки бренд жыл ичинде өз позицияларын начарлатты – Facebook 21 пайызга, ал эми Samsung 5 пайызга арзандады.

100 эң кымбат бренддин жалпы баасы бир жылда 2.23 трлн доллардан 2.54 трлнго жетти.

Бренддин аталышы

Мрд доллар

Apple

241.1

Google

207.5

Microsoft

162.9

Amazon

135.4

Facebook

70.3

Coca-Cola

64.4

Disney

61.3

Samsung

50.4

Louis Vuitton

47.2

McDonald’s

46.1

Топ-100 ишкананын 50дөн ашууну АКШда жайгашкан. Башка кеңири көрсөтүлгөн мамлекеттердин катарына Жапония, Германия, Франция жана Швейцария кирет.

Андан сырткары, кээ бир ишканалар өзүнүн каржылык көрсөткүчтөрүн жакшыртты:

  • Visa 25 -- орундан 18-орунга көтөрүлдү;
  • Adidas – 61-ден 51-ге;
  • Netflix – 38-ден 26-га;
  • Chanel—79-дан 52-ге;
  • Cartier – 64-дөн 56-га.

Ошондой эле, Walmart дагы рейтингде бир топ көтөрүлүп, бренддин баалуулугу 12 пайызга өсүп, 29.5 млрдга жеткен (ишкана 26-орундан 19-га көтөрүлгөн).

Тэги: рейтинг Forbes эң кымбат бренддер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть