Араванда 10 жылдан ашуун убакыттан бери бүтпөй келген оорукана пайдаланууга берилет

23.09.2021, 16:00 Акчабар
Араванда 10 жылдан ашуун убакыттан бери бүтпөй келген оорукана пайдаланууга берилет

Ош облусунун Араван районундагы дээрлик он бир жылдан бери бүтпөй турган оорукана жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Акчабарга” Мангыт айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Араван районуна караган Мангыт айылындагы 50 орундуу оорукананын курулушу 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин башталган. Аны курууну Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы колго алган. Дирекция жоюлуп кеткенден кийин курулуш иштери токтоп калган.

Андан соң Ош облустук капитал курулуш башкармалыгына өткөрүлүп берилген обьект республикалык бюджеттен каржылана баштаган. Оорукананын жалпы сметалык баасы 108 миллион сомду түзөт.

Тэги: оорукана курулуш Араван Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть