Аскерге барбоо үчүн кыргызстандыктар 798 млн сом төлөшкөн

04.10.2023, 10:40 Акчабар
Аскерге барбоо үчүн кыргызстандыктар 798 млн сом төлөшкөн

2022-жылы милдеттүү аскердик кызматка баруудан баш тарткан жарандар өлкө бюджетине 798 млн сом төлөшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн 2022-жылга карата республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө баяндамасында айтылат.

Маалыматка ылайык, бул сумма 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,5 млн сомго көп.

Мыйзам боюнча, үй-бүлөлүк абалы боюнча альтернативдик кызмат өтөгөндөр 18 миң сом, диний ишениминен улам курал пайдалануудан баш тартып аскерге барбагандар 25 миң сом, ал эми 22 жашка чыгып, бирок аскердик кызмат өтөбөгөндөр бюджетке 50 миң сом төлөйт.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 18 жаштан 25 жашка чейинки эркектер аскердик кызматка чакырылганда анын мөөнөтүн узартууга укугу жок.

Эскерте кетсек, быйыл жыл башында парламентте альтернативдик кызмат өтөгөндөрдүн төлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Анда үй-бүлөлүк абалы боюнча кызмат өтөгөндөргө 50 миң сом, диний ишениминен улам курал пайдалануудан баш тартып аскерге барбагандарга 100 миң сом жана 22 жашка чыгып аскерге барбагандарга 300 миң сомго жогорулатуу сунушу айтылган.

Тэги: альтернативдүү аскердик кызмат аскер мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть