КР финансы сектору техникалык премьер-министр катары Асрандиевди сунушташууда

08.10.2020, 10:15 Акчабар
КР финансы сектору техникалык премьер-министр катары Асрандиевди сунушташууда

Өлкөнүн финансы-банк сектору техникалык премьер-министр катары КР вице-премьер-министр Эркин Асрандивди сунуштоодо. Бул тууралуу «Акчабарга» Кыргызстандын банк Союзунун жетекчиси Анвар Абдраев билдирди.

Анын айтымында, бул суроо финансы секторунун өкүлдөрү тарабынан талкууланып Эркин Асрандиевдин кандидатурасы бир добуш менен жактырылган.

«Бул демилге биздин секторго жакын кандидат болгон үчүн эле колдоп чыкканыбыз жок. Биз азыр ар түрдүү саясий партиялардын бийликке карай умтулуусу коомчулукка кандай кесепетин тийгизерин билебиз. Асрандиевди биз Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жана вице-премьер-министрлик кызматта кандай иш алып барганын билебиз. Ал өзүн жакшы кризис-менеджер катары көрсөтө алды. Ал абдан объективдүү, чынчыл, татыктуу жана эң башкысы анын эч кандай саясий амбициялары жок. Биз азыр укук талаасына кайтышыбыз керек, биздин көз карашыбызда Асрандиев татыктуу талапкер.

Абдраев белгилеп кеткендей, бул сунушка Асрандиев макулдугун билдирген .

«Биз эмне үчүн Асрандиевдин талапкерлигин колдоп жаткандыгыбызды түшүндүрүп берүүгө даярбыз. Ошону менен катар эле митингге чыгуудан алыспыз. Бул биз үчүн эмес. Биз өлкөгө эртерээк стабилдүүлук орношун каалайбыз», — деп белгиледи КР банк Союзунун жетекчиси.

Тэги: финансы-банк сектору техникалык премьер-министр Вице-премьер-министр Асрандиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть