Астана шаары түрк дүйнөсүнүн каржы борбору болду

03.11.2023, 16:27 Акчабар
Астана шаары түрк дүйнөсүнүн каржы борбору болду

Казакстандын борбору Астанага түрк дүйнөсүнүн каржы борбору макамы берилди. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевга таянып, “КазТаг” маалымат агенттиги билдирди.

Ушул күндөрү Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун 10-саммити өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Азербайжан кирет. Ал эми Түркмөнстан, Венгрия жана Түндүк Кипр байкоочу өлкөлөр болуп саналат.

“Бул маселеде Түрк инвестициялык фонду өзгөчө роль ойнойт. Экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн жашыл каржы рыногун өнүктүрүү зарыл. Белгилүү болгондой, Казакстан түркиялык “жашыл” каржы кеңешин түзүүнү сунуштаган. Бул сунушту ишке ашыруу боюнча бир топ иштер аткарылды. Тиешелүү документке бүгүн кол коюлат. Астанага түрк дүйнөсүнүн каржы борбору макамын ыйгаруу демилгеси колдоого алынды. Бул чечимиңиз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем”, - деди казак мамлекет башчысы.

Токаев аймактар ​​аралык сооданы кеңейтүү жана экономикага инвестиция тартуу зарылдыгын баса белгиледи.

Тэги: Астана түрк дүйнөсү Кыргызстан-Түркия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть