Ата-энесин беш жыл караган балага гана үй-мүлк мурасталышы мүмкүн

12.02.2024, 13:45 Акчабар
Ата-энесин беш жыл караган балага гана үй-мүлк мурасталышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Жарандык кодекске өзгөртүү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу "Reporter.kg" жазды.

Документте ата-энесинен калган мурасты бөлүштүрүүнүн жол жобосун жөнгө салуу каралат. Эл өкүлүнүн айтымында, учурда мүлктү бөлүштүрүүдө туугандардын ортосундагы чыр-чатактар көп кездешүүдө.

“Мисалга алсак төрт бир тууган, бирок алар эмес, алардын аялдары соттошкон учурлар болгон. Азыр интеллигенциянын балдарынын мурас үчүн чатагы дагы сотко жетип жатат”, - дейт Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору боюнча мындан ары ата-энесин кеминде 5 жыл караган бала гана үй-мүлккө ээ боло алат. Бул талап ал баланын үй-бүлөдө кичүү-улуулугуна карабайт.

Белгилеп кетсек, Жарандык кодекстин азыркы редакциясында мүлк бир туугандарга тең бөлүнөрү айтылат. Бирок адатта үй-мүлк көбүнчө ата-энеси менен чогуу жашаган кичүү уулуна калтырат.

Ата-энесин улгайган жашында камкордугуна албаса же карылар үйүнө өткөрүп берсе, анда мүлктөн айрылат. Айтмакчы, мыйзам боюнча адам өмүрүнө кол салган же өлтүргөн жаран дагы мураскорлордун катарынан чыгат.

Буга чейин депутат Тазабек Икрамов ата-энесин карабай койгон жарандарды жоопко тартууну сунуштаган.

Тэги: мурас үй-мүлк Мыйзам долбоору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть