Аткезчилик менен электрондук чылымдарды ташыгынан канал аныкталды

22.04.2022, 16:29 Акчабар
Аткезчилик менен электрондук чылымдарды ташыгынан канал аныкталды

Кытайда чыгарылган электрондук тамекилерди Кыргызстанга мыйзамсыз алып келип сатуу жана Россияга транзиттик жол менен алып өтүү каналы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-апрелде чет элдик жарандан опузалап 50 миң доллар талап кылган мурдагы укук коргоо органынын кызматкерлери болгон И.М.Н. жана чет мамлекеттин Э.Н.И. аттуу жараны кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Аталган адамдар тарабынан Кытайдан электрондук тамекилерди контрабандалык жол менен алып өтүү уюштурулгандыгы аныкталган. Ошондой эле “Жунхай” базарынан Кыргызстандын аймагына бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келинген 70 миң даанадан ашык электрондук чылымдардын партиясы табылып алынды. Анын жалпы баасы 200 миң доллардан ашык сумманы түзгөн”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш ишинин алкагында көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын бул мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Тэги: Аткезчилик электрондук чылым

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть