Австралия Facebook менен Google компаниясына салык салат

09.12.2020, 16:15 Акчабар
Австралия Facebook менен Google компаниясына салык салат

Австралия Facebook Inc. менен Google компаниясына жаңылык контентин түзүп жатканы үчүн өлкөнүн массалык маалымат каражаттарына төлөм жүргүзүунү киргизди. Бул үчүн атайын мыйзам иштелип чыкты, - деп маалымдайт Reuters маалымат агенттиги.

Көпчүлүктүн пикирине ылайык, көз карандысыз журналистиканы коргоо үчүн жасалган дүйнө жүзүндөгү бул биринчи кадам.

Ушул жума ичи парламент тарабынан бекитиле турчу мыйзамга ылайык, Big Tech компаниясы жергиликтүү басылмалар жана берүүлөр менен бирдикте контент үчүн төлөмдүн көлөмү макулдашылат. Эгерде алар келишимди түзө алышпаса, анда чечимди өкмөт дайындаган арбитр кабыл алат.

Кошумчалай кетсек, австралиялык мамлекеттик кызматкерлер белгилеп өткөндөй, жаңыланган мыйзам долбоору Инстаграм жана Ютубка чыкпайт. Бир гана Фейсбуктун лентасында жана Google`дун издөө тутумуна чыгат.

Тэги: Facebook Google Австралия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть