345 авто май куюучу станцияда автоматташтырылган система орнотулду

27.02.2020, 10:40 Акчабар
345 авто май куюучу станцияда автоматташтырылган система орнотулду

2020-жылдын 26-февралына карата 345 авто май куюучу станцияда башкаруунун автоматташтырылган системасы орнотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинен автоматташтырылган система Бишкекте – 82 АМСке, Ош шаарында – 11, Чүй – 86, Талас – 10, Ысык-Көл – 39, Нарын – 13, Ош – 28, Жалал-Абад – 66, Баткен облустарында – 10 АМСке орнотулган.

Азыркы учурда ведомстволор аралык комиссия бул май куюучу станциялардын автомай куюучу станцияны башкаруу системасынын техникалык талаптарына ылайыктуулугуна функционалдык жактан салыштырып текшерүү жүргүзүүдө.

Республика боюнча бардыгы болуп 974 май куюучу станция бар, алардын 936сы иштеп жаткандар.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-июлунан тартып бардык АМСте май куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы колдонулмакчы.

Мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасынын өзгөчөлүгү кардар контролдук-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп, май куюусу мүмкүн болбойт, себеби АМСтин май куючу колонкасынан мунай затты берүү жөнүндө сигналы иштебейт. Бул система АМСтен мунайзатты берүү учурунда реалдуу убакыт режиминде маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынын серверине параллелдүү берүүгө мүмкүндүк берет.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 1240 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: авто май куюучу станция автомат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть