“Электр станциялары” ААКнын “Үч-Коргон” ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун алкагында 2024-жылдын 5-мартынан баштап жогоруда аталган ГЭСтин №4 гидроагрегаты реконструкциялоого өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, “Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо” долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.
Учурда “Үч-Коргон” ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 180 МВт (ар бири 45 МВт болгон 4 энергоблок).
Эске салсак, аталган ГЭС Нарын дарыясынын каскадына курулган биринчи ГЭС. Ал 1962-жылы ишке киргизилген.