Кыргызстанда азык-түлүктүн бир канча түрүн импорттоодогу нарк салыгынан бошотуунун мөөнөтү узартылды. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому дагы бир жыл күчүндө болот.
Ага ылайык, ун, жумуртка, арпа, сулу, балыктын жана мал-жандыктар үчүн азыктар, бодо малды ташып келүүдө 2024-жылдын соңуна чейин нарк салыгы алынбайт.