Бабанов «Республика» партиясын мындан ары каржылабайт

18.02.2020, 10:50 Акчабар
Бабанов «Республика» партиясын мындан ары каржылабайт

Саясаттан кеткен Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясын мындан ары каржылабайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика — Ата Жур» фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев «Азаттык» радиосуна билдирген.

Анын айтымында, партиянын экс-лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан жана төрагалыктан кетип, партияны каржылоого да катышпай калган.

«Ушундан улам биз «шайлоого катышабыз» деп так айта албай турабыз. Себеби айрым партиялар курултайын өткөрүп, саясий кампанияларын баштап коюшту. Биз бир аз такалып турабыз. Биздин жаңы лидерибиз жаш, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 120 талапкерди тандап чыгуу өтө кыйын», — дейт ал.

Кенжебек Бокоевдин айтуусунда азырынча «Республика» шайлоого башка партиялар менен кошо баруу маселесин карай элек. Ал эми жергиликтүү шайлоодо партия Каракол шаардык кеңешине ат салышат.

Тэги: республика саясий партия каржы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть