Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Аль-Мазруи менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негиз боло турган “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” биргелешкен холдингинин ишмердүүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле, энергетика, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты. Атап айтканда, “Масдар” компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунда күн фотоэлектр станциясынын курулушу айтылды.
Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда жаштардын футбол академиясын куруу долбоорун талкуулап, долбоордун акыркы эсептөөлөрү эмират тарапка берилди.