«Бай-Түшүм» Банкы оор финансылык абалга туш болгон жарандарга жардам көрсөтүүдө

19.03.2020, 16:00 Акчабар
«Бай-Түшүм» Банкы оор финансылык абалга туш болгон жарандарга жардам көрсөтүүдө

«Бай-Түшүм» Банкы коронавирус пандемиясынан улам оор жагдайда калган насыя алган жарандарга жардамын көрсөтөт. Бүгүнкү күндө банк бир катар жарандарга насыя төлөөдөгү жеңилдиктерди берди.

«Акчабарга» «Бай-Түшүм» Банкынын басма сөз кызматы билдиргендей, жеке мектепте иштеген мугалимге насыя төлөө мөөнөтү узартылды.

«Бизге жеке мектепте иштеген мугалим насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, учурда карантинге байланыштуу мектептер жабылгандыктан жана ал жеке мектеп болгондуктан айлык акы убактылуу төлөнбөйт. Буга байланыштуу банк, кардардын өтүнүчүн түшүнүү менен кабыл алып, насыянын төлөө мөөнөтү узартылып берилди. Ал банктан окуу класстарга техникалык жабдыктарды алуу үчүн насыя алган», — деп маалымдашты банктан.

«Бай-Түшүмдөн» билдиришкендей, учурда Кыргызстандын булуң-бурчунан насыя алган жарандар жогорудагыдай өтүнүч менен кайрылып жатышат. Ар бир жарандын кайрылуусу жекече каралат.

«Дүйнө жүзүндө болуп жаткан абалга байланыштуу ишкерлер жоготууга учурап жатышат. Албетте, биз буга сырттан карап тура албайбыз. Чек аралардын жабылуусунан улам бизнестин көптөгөн түрү жоготууга учурап жаткандыктан, биз жардам көрсөтүүгө даярбыз. Бирок, бир шарт менен. Жардам сурап кайрылган жарандардын насыя тарыхчасы жакшы болуш керек», — деп белгилешти банктан.

Белгилей кетсек, жабыр тараткан бизнесмендерди колдоо боюнча биргелешкен программа жок. Банк кардарларга болгон жардамды өзүнүн демилгеси аркылуу жүргүзүп жатат. Ар бир жеңилдетилген мүмкүнчүлүк жана мөөнөтүн узартуу жекече каралууда. Учурдан пайдаланып, насыяны төлөөдөн качкан жарандарга банк эч кандай колдоо көрсөтпөрүн билдирди.

Кошумчалай кетсек, «Бай-Түшүм» Банкы инфекциянын жайылышына жол бербөө үчүн бардык иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Бардык офистерде санитайзерлер бар жана имаратты, банкоматтарды дезинфекциялоо каражаттары аркылуу күнүмдүк тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Кызматкерлер керектөөчү гигиеналык каражаттар менен камсыздалган. Андан сырткары, банк кызматкерлерин карантин учурунда акы төлөнүүчү эмгек өргүүгө чыгарып жатат.

Тэги: Бай Түшүм финансылык абал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть