Бажы кызматкерлери 22,3 млн сомдук декларацияланбаган товарларды кармады

04.06.2020, 12:45 Акчабар
Бажы кызматкерлери 22,3 млн сомдук декларацияланбаган товарларды кармады

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 22,3 млн сомдук декларацияланбаган товарларды кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери «К.» ЖЧКнын дарегине келген жалпы салмагы 136134 кг болгон «бут кийимдер, килемдер жана килем буюмдарынын түрлөрү» контрабандалык жол менен келгендигин аныкташты.

Жалпы декларацияланбаган товардын баасы 22 229 455,50 сомду түзөт, алдын ала төлөнө турган бажы төлөмүнүн суммасы 9 476 462,44 сомду түзөт.

Бул факты КР ККнын 223-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча КР өкмөтүнө караштуу ЭККККнын ТБга өткөрүлүп берилди.

Тэги: бажы кызматы млн сом декларация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть