«Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүнө 584 млн сом жумшалды

02.01.2024, 15:25 Акчабар
«Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүнө 584 млн сом жумшалды

Бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмгө 2024-жылдын 1-январь айына карата 146 миң 633 балага 584 млн сом каржыланды, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 28 балага 1,4 млн сом сом төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2022-жылы 130 миң 200 балага 522,8 млн сом каржыланган, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 40 балага 2,0 млн сом сом төлөндү.

  • бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт;
  • бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 000 миң сом өлчөмүндө төлөнөт;
  • “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуусу керек;“балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы керек;
  • акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күндун ичинде банктык эсепке түшөт;
  • жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.

Эскерте кетсек, жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Тэги: балага сүйүнчү мамлекеттик жөлөк пул бир жолку төлөм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть