6-октябрда 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу боюнча Улуттук банктын аукциону өтөт. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.
Жалпысынан 6 млрд 900 млн сомго баалуу кагаздар жайгаштырылат.
Андан сырткары, кошумчалай кетсек 5 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды кошумча жайгаштыруу талаптын жоктугунан улам өтпөй калган.