Кыргызстанда банк жабдыктарынын 90% иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирген.
Маалым болгондой, калган иштебеген терминалдардын 10% карантинге байланыштуу убактылуу жабылган мекемелердин ичинде.
Калган жеткиликтүү банкоматтар коммерциялык банктар тарабынан убагында тейленип жатат жана каражат жетиштүү. Банкоматтардын иши үзгүлтүккө учураган учурда, тийиштүү чаралар көрүлөт.