Башкы прокуратура: Аскер прокуратурасы 20 млн сомдук зыянды мамлекетке кайтарган

23.12.2020, 13:50 Акчабар
Башкы прокуратура: Аскер прокуратурасы 20 млн сомдук зыянды мамлекетке кайтарган

Аскер прокуратурасы 20 млн 328 миң 757 сомдук зыянды мамлекетке кайтарган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

«Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата козголгон жазык иштеринин тергөөсү солгундап, жыйынтык чыкпай жаткандыгы туурасында маалыматтар таркатылууда.
​2015-2020-жылдар аралыгында Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата 21 жазык иши тергелип, анын жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген 20 млн 328 миң 757 сомду түзгөн материалдык зыян ордуна коюлган», - деп жазылат маалыматта.

Андан сырткары, тергөө иштеринин алкагында 13 жазык иши бир өндүрүшкө бириктирилип, анын жыйынтыгы менен 7 жазык иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 1 иш кыскартылган.


«Башкача айтканда, бүгүнкү күндө Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасына карата жазык иштер жок», - деп билдирет мекеме.

Тэги: Аскер прокуратурасы зыян каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть