Баткенде наркы 10,6 млн сомдук декларацияланбаган товар кармалды

25.02.2021, 12:00 Акчабар
Баткенде наркы 10,6 млн сомдук декларацияланбаган товар кармалды

Баткенде наркы 10,6 млн сомдук декларацияланбаган товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Баткен» бажысынын кызматкерлери «Кызыл-Бел» өткөрмө пунктунда Пакистандан келе жаткан товарга тыкыр кароо жүргүзгөн учурда, бажылык жактан декларацияланбаган аялдардын жана эркектердин кийимдеринин түрлөрүн табышкан.

Кармалган товардын наркы 10 млн 601 миң 790 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Тэги: бажы кызматы декларация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть