Баткен облусунда жеке коргонуучу каражаттардын 1 айлык запасы бар. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов билдирди.
«Облуста жеке коргонуучу каражаттардын 1 айлык запасы бар. Муктаждыкка жараша дагы сатып алынууда. Мен оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун, санитардык-эпидемиологиялык стацияны кыдырып келдим. Кампаларды көрдүк. Дары-дармек, кычкылтек концентраторлору, шприц жетиштүү», - деди ал.