Баткен облусунда аткезчилик жүк кармалды

06.04.2021, 14:00 Акчабар
Баткен облусунда аткезчилик жүк кармалды

Баткен облусунда аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-апрелде Жаңы-Жер чек ара заставасынын жана УКМКнын чек ара кызматкерлери тарабынан Лейлек районунда жайгашкан «Партнер Нефть» май куюучу жайынын кампасына тинтүү жүргүзүлдү.

Кампанын аймагына тинтүү иштеринин жүрүшүндө «Opel Zafira» үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, анын салонунан жалпы көлөмү 900 литрлик цистерна табылган.

Кармалган унаа УКМКнын чек ара кызматынын «Кайрагач» өткөрүү пункунунун аскер кызматкерлерине жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Тэги: УКМК Аткезчилик аткезчилик жүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
<
×