Баткенде 750 миң сомдой мыйзамсыз товар аныкталды

08.12.2023, 10:16 Акчабар
Баткенде 750 миң сомдой мыйзамсыз товар аныкталды

Баткенде 750 миң сомдон ашык суммадагы товарларды мыйзамсыз өлкөгө алып кирүү токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, кыргызстандык “А.у.С.” аттуу жаран айдап бара жаткан “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаанын жүгүн текшерүүдө жалпы узундугу 34000 метр зым, ошондой эле жалпы узундугу 5000 метр алюминий зымдары аныкталган.

Жүктүн Кыргызстандын аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган документтери болгон эмес.

Кармалган товарлардын орточо базар баасы 752 миң 500 сомду түздү.

Тиешелүү материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Тэги: мыйзамсыз жүк алып өтүү Баткен облусу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть