Баткен облусунда 6 көмүр кампасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, бул кампаларда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда.
“Арзан баадагы көмүр биринчи кезекте 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларынын жабырлануучуларына, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Андан соң катардагы жарандардын да алуу мүмкүнчүлүгү бар. Лейлек жана Баткен району, Баткен шаарындагы көмүр кампаларында Сүлүктү кенинин көмүрү, ал эми Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарында Бел-Алма кенинин көмүрү сатылат”, - деп айтылат маалыматта.
Көмүр кампалардын даректери: