Баткенде курулуп жаткан "Исфайрам-1" чакан ГЭСин март айынын аягында пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Исфайрам дарыясына курулуп жаткан ГЭСтин кубаттуулугу 4 МВт, сметалык баасы дээрлик 3 млн долларды түзөт. Учурда каналдын курулушу аяктады.
Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы объект ишке берилсе 30га жакын жумуш орун түзүлөт.
Белгилеп кетсек, учурда Баткен облусунун аймагында 5 чакан ГЭС курулуп жатат.