Баткен облусунун Кадамжай районундагы муниципалдык ишканалардын биринин директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, 1982-жылы туулган А.А., муниципалдык ишкананын директору болуп иштеп жүрүп, ишкананын банктык эсебинен субсидия катары келген 1 млн сом алган.
Алган акчанын бир бөлүгүн пайдаланып, “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны сатып алып, өзүнүн наамына каттатып, калган акчасын өзүнө ыйгарып алган.
Аталган факты боюнча Кадамжай районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголду.
А.А. аттуу жаран шектүү катары кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен айыпталган.