Бажы кызматкерлери ЕАЭБден тышкары өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдөн пара алып турган

25.03.2022, 12:53 Акчабар
Бажы кызматкерлери ЕАЭБден тышкары өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдөн пара алып турган

“Манас” эл аралык аэропорту ААКсынын Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылымыш аныкталды.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн К.С.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды.

Учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: УКМК Бажы кызматкерлери пара алуу Ош эл аралык аэропорту

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть