Кыргызстанда муктаждарга бөйрөк алмаштыруу акысыз жасалат

06.02.2024, 09:50 Акчабар
Кыргызстанда муктаждарга бөйрөк алмаштыруу акысыз жасалат

Жалпы өлкө боюнча бюджеттин эсебинен гемодиализ алгандардын саны 2 миң 685 бейтапты түзөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров гемодиализ алган бардык жарандардын бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырды. Азыр кыргызстандык адистер бөйрөк алмаштыруу боюнча Түркияда окуудан өтүүдө.

"Гемодиализге бюджеттен 2,5 млрд сом сарпталат. Бейтаптардын жашоо шарты дагы жакшы эмес, аларга узак жол жүрүүгө болбойт. Операция 650 миң сомго жакын каражатты талап кылат жана бул үнөмдүү болот", - деди министр.

Алымкадыр Бейшеналиев түрк тарап менен бөйрөк алмаштыруу операцияларын Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Достугу" ооруканасында жасоо макулдашылганын кошумчалады.

Тэги: Гемодиализ саламаттык сактоо коомдук саламаттык Алымкадыр Бейшеналиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть