Белорусиядан жана бир катар өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандары кайтып келди

03.08.2020, 10:20 Акчабар
Белорусиядан жана бир катар өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандары кайтып келди

3-августта «Avia Traffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек багыты боюнча каттамы менен Беларусиядан Кыргызстанга 137 жараны учуп келди.

[news 26397]

Чартердик рейс Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европа өлкөлөрүнөн КР жарандарын кайтаруу максатында Европа өлкөлөрүндөгү КР чет элдик мекемелери менен биргеликте Кыргызстандын Украинадагы элчилиги тарабынан түзүлгөн.

Бул каттам менен Кыргызстандын жарандары учуп келди, алардын ичинде Украинадан, Беларустан, Австриядан, Улуу Британиядан, Германиядан, Литвадан, Италиядан, Польшадан, Швециядан, Финляндиядан студенттер бар. Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европа өлкөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын чет элдик мекемелерине буга чейин берилген арыздар боюнча калыптанган.

Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Тэги: Беларусия КР жаран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть