Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Конрад Аденауэр атындагы Фонддун “Азия жана Тынч океан региону” департаментинин жетекчиси Христиан Эхле менен жолугушуп, Кыргызстан менен аталган фонддун ортосундагы кызматташуу жана аны келечекте өнүктүрүүнү талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ыдайык, жолугушууда Борбордук Азиядагы кызматташуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Ошондой эле кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө, Конрад Аденауэр атындагы Фонддун стипендиялык программасы аркылуу Кыргызстандын жаштарын Германияда окутуу, ошондой эле башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү маселелерин пландаштыруу каралды.
Белгилей кетсек, Конрад Аденауэр атындагы Фонд Германиядагы ири саясий фонддордун катарына кирет.