Беш аймактагы жергиликтүү кеңештердеги шайлоого дээрлик 24 млн 700 миң сом жумшалат

11.02.2022, 14:30 Акчабар
Беш аймактагы жергиликтүү кеңештердеги шайлоого дээрлик 24 млн 700 миң сом жумшалат

БШК Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти.

Шайлоого 24 миллион 683 миң сом сарпталат. Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдарын, анын ичинде шайлоо комиссиялары үчүн айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды жүзөгө ашыруу үчүн 14 687,2 миң сом суммасында;

- 13 аймактык шайлоо комиссиясынын жана 84 участкалык шайлоо комиссиясынын үчүн 9 996,0 миң сом жалпы суммасындагы чыгымдар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөн турган шайлоо комиссиялары үчүн бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык бөлүштүрлөт.

Смета төмөн турган шайлоо комиссияларын ачуу, техникалык жактан жабдуу жана алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон бардык чыгымдарды эске алуу менен түзүлөт (бир шайлоо комиссиясындагы мүчөлөрдүн саны 13-15 адамдын чегинде белгиленген). АШК жана УШК мүчөлөрүнүн жалпы саны 1241 адамды түзөт:

  • 13 АШКда – 158 адам,
  • 84 УШКда – 1083 адам.

Ошондой эле техникалык жактан колдоо көрсөтүүчү топторго ишке тартылган 30 адиске, автоматтык эсептөөчү урналарды (АЭУ) тейлөөгө ишке тартылган 168 операторго (алардын саны шайлоочулардын санына жараша болот) эмгек акы төлөнөт.

Мындан тышкары, күнү-түнү иштегенге байланыштуу АШК жана УШК мүчөлөрүнө, идентификация боюнча операторлорго, ошондой эле коопсуздукту жана тартипти камсыздоого тартылган ИИМ кызматкерлерине (194 адам) добуш берүү күнү жана анын мурунку күнү бир күнгө 500 сомдон тамактанууга суткалык чыгымдарды төлөп берүү мыйзамда каралган.

Белгилей кетсек, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо 10-апрелге белгиленген.

Тэги: жергиликтүү шайлоо смета БШК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть