Бүгүн Бишкектеги айрым турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде, башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу саат 10:00дон 18:00го чейин өчүрүлөт.
Ичүүчү суу Жайыл Баатыр көчөсү - Арча-Бешик көчөсү - Куюкова көчөсү – Муромский көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсүндө болбойт.
“Ичүүчү суу Шералиев көчөсүндөгү диаметри 200 мм болгон суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.