Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

30.01.2024, 06:55

Быйыл "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору кабыл алынды. Аны ишке ашырууга мамлекеттик эки коммерциялык банк катышууда.

Белгиленгендей, долбоордун алкагында эки категория – мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча насыя берилет.

1. "Мал чарбачылыгы" категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:

– бодо мал өстүрүү;
– кой, эчки, жылкы, коён өстүрүү;
– канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүрүү.

2. "Өсүмдүк өстүрүү" категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:

– дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– техникалык өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– мөмө-жемиштерди өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– пахта өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– питомниктин мөмө-жемиштерин өстүрүү;
– тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын колдонуу (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу);
– күнөскана чарбасын жүргүзүү.


Читать похожее

  • 21.08.2024, 21:50:11
  • 20.08.2024, 22:46:10
  • 20.08.2024, 03:20:02
  • 19.08.2024, 23:35:09