Опубликовано
09.02.2022, 09:15Былтыр Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 288 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
Белгилүү болгондой, каражаттын 193 миллион 219 миң сому акчалай, 1 миллиард 95 миллион 16 миң сому материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылды.
Ошондой эле, жалпысынан 7 миң 565 текшерүү жүргүзүлүп, 16,7 миң мыйзам бузуу аныкталган, 7 миң 900 акт түзүлүп, 6 миң 400 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган.
Мындан тышкары, жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу иштеринин негизинде1 млрд 95 млн сом компенсацияланган.