Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

06.07.2020, 06:30

Үстүбүздөгү жылдын 31-майында мамлекеттик карыздын көлөмү (тышкы+ички) 4 млрд 758.55 млн долларды (351 млрд 27.58 млн сом) түздү. Бул тууралуу каржы министрлик маалымдады.


[news 25805]

Бул сумманын ичинен тышкы карыздын көлөмү 301 млрд 32.55 млн сомду (85.8%), ички карыз - 49 млрд 995.06 млн сомду (14.2%) түзөт.

Белгилей кетсек, 30-апрелге салыштырмалуу мамлекеттик карыздын көлөмү 11 млрд 547 млн 230 миң сомго төмөндөп (УБ 31-майдагы 1 долларга карата курсу - 73.767 сом менен эсептегенде), 156 млн 534 миң 829 долларды түздү. Республиканын мамлекеттик карызын апрель жана май айындагы көлөмүн салыштырып караганда, 165 млн 710 миң долларга жогорулаган (апрелде 4 млрд 592.84 млн долларды, май айында 4 млрд 758.55 млн долларды түзгөн). Бул курстун өзгөрүп туруусуна байланыштуу. Апрель айынын аяк жагында доллардын курсу - 78.9 сомду, май айында - 73.7678 сомду түзгөн. Муну менен катар валютадагы айырмачылык - дээрлик 5 млн сомду түздү.


Читать похожее

  • 24.03.2021, 22:15:10
  • 16.09.2020, 05:00:27
  • 31.08.2020, 01:00:06
  • 06.07.2020, 00:30:25