"Акчабардын" маалыматы боюнча борбор калаада АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир жылдын ичинде 64,8% га жогорулады.
2020-жылдын 5-августуна карата АИ-92 бензининин эң төмөнкү баасы 32,7 сом, ал эми жогорку октандуу АИ-95 - 36,5 сом болчу. Учурда борбордо АИ-92 бензининин эң төмөнкү баасы 53,9 сом, жогорку октандуу АИ-95 - 57,9 сом болууда.
Муну менен АИ-92 бензининин баасы 64,8%га, АИ-95 бензининин баасы 58,6%га жогорулаганы байкалды.
Ошондой эле, дизелдин баасы 37,7% өскөн.