Бир жылда мигранттар которгон акча 20%га кыскарды

12.01.2024, 15:15 Акчабар
Бир жылда мигранттар которгон акча 20%га кыскарды

2023-жылдын ноябрь айында мигранттар Кыргызстанга 191,2 млн доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу которулган акча 1,2 эсе же 20%га кыскарган. Ошол учурда, акча которуу системалары аркылуу өлкөгө 239,3 млн доллар келген.

Ноябрь айында түшкөн акчанын 93%ы Орусиядан келген, ал 178,6 млн долларды түзгөн. 2022-жылдын ушул айына салыштырмалуу бул көрсөткүч 20,2%га азайган. КМШнын башка өлкөлөрүнөн 0,6 млн доллар келген.

Ноябрь айына карата алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын көлөмү 12 млн долларды түздү. АКШдан Кыргызстанга жеке адамдардын 26%га (3,1 млн доллар) жакыны которулган. 2022-жылдын ноябрь айында алыскы чет өлкөлөрдөн 12,4 млн доллар же 3,2% аз келген.

Жалпысынан 2023-жылдын январынан ноябрына чейин өлкөгө акча которуу системалары аркылуу 1 млрд 803,11 млн доллар түшкөн, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34% аз.

Тэги: эмгек миграциясы акча которуу кыргызстандык мигранттар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть