2023-жылдын жыйынтыгы боюнча пенсияларды каржылоого 74 млрд 832 млн 490 миң 244 сом (алдын ала) бөлүнгөн, бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 16 млрд сомго көп. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, пенсияга бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү Ош облусуна жумшалган. Ал 13 млрд 735 млн 075 миң 807 сомду түзөт. Андан кийинки орундарда Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусу турат.