«Бишкек жарык» ишканасы 4 млн сомго мыйзам бузган

25.01.2024, 14:36 Акчабар
«Бишкек жарык» ишканасы 4 млн сомго мыйзам бузган

Бишкек шаарынын прокуратурасы “Бишкек жарык” муниципалдык ишканасында бухгалтердик эсеп боюнча текшерүү жүргүзүп, анда бир топ мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, прокуратура 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын апрелине чейин “Бишкек жарык” ЖЧКсынын кызматкерлери ишкананын кампасынан продукцияларды даярдоо жана аларды тышкы жарыктандыруу тармактарына орнотуу үчүн инвентарлык каражаттарды үзгүлтүксүз алып туруу менен алынган баалуулуктарды 4 млн 323 миң 450 сом ысырап кылганын аныктады.

“Бишкек жарык” ЖКнын кызмат адамдарына карата “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду”, - деп айтылат маалыматта. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: Бишкексвет каржылык мыйзам бузуу Башкы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть