Бишкекте 2 млн сомго калкты ишке орноштуруу жайы курулду

02.01.2024, 12:00 Акчабар
Бишкекте 2 млн сомго калкты ишке орноштуруу жайы курулду

Бишкектин Лев Толстой көчөсү, 70а дарегинде жайгашкан эмгек биржасында пункт орнотулуп, анда ишке орноштуруу борборунун жана укук коргоо органдарынын (участкалык милиция) кызматкерлери иштей турган болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, пункт мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында ачылды.

"Объекттин курулушуна дээрлик 2 миллион сом жумшалган. Бул пунктту орнотууга борбор калаанын мэринин резервдик фондунан дээрлик 1,2 млн сом бөлүнүп, 800 миң сом бюджеттен тышкаркы каражаттар да тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: калкты тейлөө ишке орноштуруу Бишкек мэриясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть