Бүгүн саат 19:00дөн тартып 11 жана 17- троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Мындан тышкары, 10-троллейбус каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Кыймыл "Фрунзе" заводунан 8-кичи районуна чейин жүргүзүлөт.
Шаардык троллейбус каттамдарынын ишиндеги убактылуу өзгөрүүлөр "Асанбай" бурулуш акыркы пунктунда канализация иштерин жүргүзүү зарылчылыгынан улам келип чыккан. 13-апрелден тарта бардык троллейбустар линияга чыгып, кадимки режимде иштей баштайт.