Бишкекте болгон катуу шамал 16,7 млн сом зыян келтирди

05.04.2024, 09:38 Акчабар
Бишкекте болгон катуу шамал 16,7 млн сом зыян келтирди

28-мартта Бишкектин аймагында болгон катуу шамалдан улам келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 млн 749 миң 923 сомду түздү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындай жыйынтыкты Бишкек шаарынын мэриясынын райондорундагы Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын иштери чыгарды.

Белгилеп кетсек, Бишкекте катуу шамалдан 10 киши жабыркады. 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган. 101 объекттин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка объекттердин чатыры бузулган. 4 участокто троллейбус линиялары бузулуп, 10 участокто сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.

Тэги: катуу шамал зыян ӨКМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть