Бишкекте дээрлик 3 млн сомдук газ түтүктөрүн уурдагандар кармалды

15.04.2024, 11:40 Акчабар
Бишкекте дээрлик 3 млн сомдук газ түтүктөрүн уурдагандар кармалды

Аламүдүн районунда жер алдына көмүлгөн газ түтүктөрүн уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, газ түтүктөр "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсына таандык болгон. Мындан улам компаниянын жетекчилиги милицияга кайрылып, Мыкан жана Садовое айылдарынын ортосунда жер алдына көмүлгөн газ трубаларын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

"Келтирилген чыгым 2 млн 970 миң сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү аныктап, убактылуу кармаоочу жайга киргизген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тэги: газ түтүктөрү Бишкек Газпром уурулук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть