"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы калкка жана Бишкек ЖЭБине көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу иштерин жүрүгүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкана тарабынан "Ден-Сяопин, 306 б" дареги боюнча жеткиликтүү баада, башкача айтканда 4 миң 700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулган. Көмүр вагондор менен ташылат, бүгүнкү күндө 800 тонна кара отун бар.
Бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн жылдын 2-сентябрынан тарта көмүр ташылып, күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа жүк келүүдө.
Кошумчалай кетсек, жакын арада оор жүк ташуучу унаалар менен төмөндөгү даректерге 4 миң 700 сомдон көмүр келери күтүлүп жатат.
Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында сатып алууну сунуштайт.