Бишкекте тез татымда уулангандардын саны 43 адамга жетти. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалпысынан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 43 адам кайрылган, 23ү жаткырылды, алардын экөөсү жаш балдар. Учурда алардын абалы канааттандыраарлык.
Эске салсак, уулангандар Бишкектеги Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки тез татым жайында шаурма жешкен.
Түйүндөргө 72 миң сом айып салынып, алар текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды.