Бишкекте «Жашыл экономика — 2023» форуму өтөт

07.11.2023, 12:36 Акчабар
Бишкекте «Жашыл экономика — 2023» форуму өтөт

16-ноябрда Бишкекте “Жашыл экономика - 2023” форум жана “Green EXPO - 2023” көргөзмөсү өтөт.

Иш-чараны Экономика жана коммерция министрлиги, ЖИА Бизнес Ассоциациясы, Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү программасы, BMZ, ЕС жана SDC биргелешип каржылоосу менен GIZ, БУУнун “Жашыл экономика үчүн өнөктөштүк аракеттери” (PAGE) агенттиктеринин жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин демилгелери уюштурууда.

Иш-чара “Дасмия” этно-комплексинде саат 9:00до башталат.

“Жашыл экономика 2023” форумунда төмөнкү маселелер талкууланат:

  • Жашыл энергетика;
  • Жашыл транспорт;
  • Туруктуу каржылоо;
  • Түруктуу өнүгүү үчүн билим берүү.


“Green Expo 2023” көргөзмөсүндө региондогу өлкөлөр туруктуу бизнести өнүктүрүү үчүн экономикалык тармактарда сунуштап жаткан эң акыркы жашыл технологиялар жана чечимдер талкууланат. Анда ар түрдүү ишканалардын жана банктардын 50ден ашык стенддери коюлат”.

Тэги: жашыл экономика каржылоо жашыл транспорт билим берүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть